КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 156
Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде 2023-жылга № 35 Ж. Чаргынов атындагы орто билим берүү мектебинин ашканасына тамак ичүүгө мебелдерди алуу долбоору Токтогул райондук Өнүгүү фондуна жактырылып келгенден кийин өздүк салым бөлүү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жумшалсын.
2.Токтомду көзөмөлдөп ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
5.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |