КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 153
Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл –Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын эсеп башкармалыгына координатору Кубат уулу Эрмектин 2023- жылдагы иши канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2024-жылга атайын эсептен бөлүнгөн акча каражаты депутаттык корпустан тиешелүү туруктуу комиссиясынын негизинде ишке ашырылсын.
3.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке атайын эсептен бөлүнгөн акча каражатын бөлүштүрүүдө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиялары менен биргеликте бөлүштүрүп атайын эсеп башкармалыгына тиешелүү кат жолдоо жагы тапшырылсын.
4.№ 37 С. Чекиров атындагы орто мектебинин ашканасына акча каражатынын жетишпегендигине байланыштуу 1 500 000 сом атайын эсептен сурап кайрылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
6.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |