Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

2023-жылдын 25-декабры № 166

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутатты Айылдык кеңештин типтүү регламентинин II бөлүмүнүн 16-главасынын 16.11 пунктунун негизинде сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат.

 

2.Айылдык кеңештин депутаты Сманова Гүлбайра Бабановнанын кийинки өткөрүлгөн сессияларга себепсиз төрт жолу катары менен катышпагандыгы эске алынсын.

 

3.Айылдык кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссия курамына айылдык кеңештин депутаты Г.Б. Сманова боюнча регламентте каралган жоболорду жана айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган депутаттык этика кодексине таянуу менен жыйынтык чыгарып кезектеги сессияга чечим кабыл алып депутаттарга сунуштоо жагы милдеттендирилсин.

 

 

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат , мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

5.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага тапшырылсын..

 

6..Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn. gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.