Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

2023-жылдын 25-декабры № 171

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика жана мандат , мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставынын айрым жоболорун ишке ашыруу максатында уставдын 12-пунктундагы демилгечи топторду түзүү колго алынсын.

 

2.Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан 11 – айылдан төмөнкү жарандар айыл – айыл боюнча демилгечи топтун мүчөлөрү болуп шайлансын.

1.Коңур-Өгүз айылы - Суранбаева Жазгүл

2.Кызыл-Өзгөрүш айылы – Абдыраманов Табылды

3.Көк-Таш айылы – Сейдикеримов Сагынбек

4.Аң-Арык айылы – Назаралиева Уулкан

5.Орто-Жон айылы – Назарбаев Быкыт

6.Чеч-Дөбө айылы – Тейтиев Улан

7.Ак-Жар айылы – Абдишов Толкунбек

8.Камыш – Башы айылы – Мураталиев Элдияр

9.Шайык айылы – Султанкулов Алтынбек

10.Бел-Кара-Суу айылы – Мураталиев Нуркалый

11.Бууракан айылы – Дадиев Курсантбек

 

3.Демилгечи топтун жетекчисин шайлоо демилгечи топтун жыйналышында аныкталсын.

 

4.Демилгечи топтун жыйналышын өткөрүп анын ишин координациялоо жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..

 

7.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

8.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov/kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.