КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
2023-жылдын 25-декабры № 165
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери , спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын курамынын билдирилген сунуш талаптарын кабыл алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында иштеп жаткан Карыялар кеңеши,жана Аксакалдар сотунун 2023-жылга аткарылган иш чараларынын аткарылышы жана айыл мыйзамына киргизип ишке аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине тапшырылсын.
2. Айыл аймагында иштеп жаткан Карыялар кеңеши жана Аксакалдар сотунун 2023-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
3.Айыл аймагында аялдар кеңешинин төрайымы Токонтаева Иринанын жылдык маалыматы өзү келип катышпагандагына байланыштуу тийиштүү комитеттерде каралып кийинки 2024-жылдагы сессияларга жылдырылсын.
4.Жаштар комитеттинин иш чаралары өтпөй жаткандыгы белгиленсин ошого байланыштуу айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке 2024-жылы Жаштар комитеттин түзүп төрагасын шайлоо жагы жагы милдеттендирилсин.
5.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагындагы маселелер боюнча жыйналыштарга коомдук уюмдарды катыштырып, алардын сунуштары менен иш алып баруу жагы, ошону менен эле бирге айылдык депутаттардын сунушунун негизинде жергиликтүү бюджетин эсебинен керектүү акча каражаттарын бөлүп берүү жагы жана Коомдук борбор уюштуруп иш чараларды азыркы Кыргыз Республикасынын Кабинеттер Министрлигинин негизинде иш алып баруусу айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбавке милдеттендирилсин.
6 Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери , спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
8.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |