Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

2023-жылдын 25-декабры № 168

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика жана мандат , мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын сунушунун негизинде

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан № 36 А. Ибраимов атындагы орто мектебинде курулуп бүткөн кичи футболдук аянчага мектепте көп жыл иштеп эмгеги сиңген дене-тарбия мугалими Мейманжанов Барпыбектин ысымын ыйгаруу жагы туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде жактырылсын.

 

2. Айыл аймагында жайгашкан № 36 А. Ибраимов атындагы орто мектебинде курулуп бүткөн кичи футболдук аянтчасына Мейманжанов Барпыбектин ысымы ыйгарылсын.

 

3.Мейманжанов Барпыбекке кичи футболдук аянтчанын кийинки оңдоп –түзөө иштерин жүргүзүү жагы менен биргеликте ар дайым көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.

 

4 Жыл сайын даталуу күндөрү окуучулар жана мекемелер арасында мелдеш уюштуруу менен кичи футболдук аянтчанын үстүн жабуу жагын колго алуу милдеттендирилсин.

 

5.Кичи футболдук аянтчанын ачылышы 2024-жылдын май айына белгиленсин.

 

6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..

 

7.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

8.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.