КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
2023-жылдын 25-декабры № 170
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында курулуп бүткөн медициналык борбордун жылуулугун камсыз кылуу жагы жактырылсын.
2.Медициналык борборго заманбап медициналык инвентарларды (Рентген, УЗИ, ж.б. тиешелүү медициналык аппараттарды) алып келүү жана жогорку даражадагы дарыгерлер менен камсыз кылуу үчүн иш алып баруу жагы К.Малабашов ооруканасынын башкы дарыгери, жетекчиси Ы.А. Кожокеевага жана айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин коргоо Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери , спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
7.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
8.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |