КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVI I сессиясы
2023-жылдын 23-августу № 139
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин К.Р. нын 20.07. 2023- жылдагы “2021-жылдын апрелинде КРнын Баткен облусунда жана 20222-жылдын сентябрында КРнын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” № 142 мыйзамын турмушка ашыруу максатында айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин айыл аймагынын Камыш- Башы айылынын тургуну Баткен окуясынын курмандыгы Айбеков Айдарбектин үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 сом бөлүп берүү жагы, Кызыл- Өзгөрүш айылдык кеңеш кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтын угуп, талкуулап
.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVI I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин сунушунун негизинде бюджет комитети тарабынан кабыл алынган Камыш-Башы айылынын тургуну Баткен окуясында курман болгон Айбеков Айдарбектин үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 20 000 (жыйырма миң) сом каражат бөлүп берүү жагы жактырылсын.
2.Акча каражаттын өз багытына жумшоо жагын карап камсыздандыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана Социалдык коргоо бөлүмүнө милдеттендирилсин. .
3. Керектелүүчү акча каражаттын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭП башчысы Ж.К. Садыковко жүктөлсүн.
4..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
9.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |