ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/3
К.Бай уулу атындагы орто мектебине акча каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор районун өнүктүрүү фондусуна даярдалып жаткан Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Тендик айылындагы К.Бай уулу атындагы орто мектебине технология сабагына жабдууларды алуу 314 240 сомдук долбооруна өздүк салым катары 65 000 сом бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Тендик айылындагы К.Бай уулу атындагы орто мектебине технология сабагына жабдууларды алуу 314 240 (үч жүз он төрт мин эки жүз кырк) сомдук долбооруна өздүк салым катары 65 000 (алтымыш беш мин) сом айыл аймактын бюджетинин өздүк салымдар беренесинен бөлүнсүн.
- Долбоор тиешелүү жактардан жактырылган учурда тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |