ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/4
С.Орозбак уулу атындагы орто мектебине акча каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор районун өнүктүрүү фондусуна даярдалып жаткан Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Кара-Саз айылындагы С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин дааратканасын куруу 1 063 000 долбооруна өздүк салым катары 126 000 сом бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Кара-Саз айылындагы С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин дааратканасын куруу 1 063 000 (бир миллион алтымыш үч мин) сомдук долбооруна өздүк салым катары 126 000 (жүз жыйырма алты мин) сом айыл аймактын бюджетинин өздүк салымдар беренесинен бөлүнсүн.
- Долбоор тиешелүү жактардан жактырылган учурда тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |