БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 141
Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну Дүйшеналиев Азистин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну Дүйшеналиев Азистин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кара-Ой айылынын тургуну Дүйшеналиев Азистин апасы Абдылдаева Сагынбүбү учурда инсульт алып Бишкекте оор абалда жаткандыгына байланыштуу жүрөгүнө жана бутуна операция жасатууга жана даарылануу үчүн 150 000 ( жүз элүү миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |