Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 29-сентябрындагы № 140

 

Бекмолдо айыл аймагынын Кеӊеш айылынын тургуну Калыбаева Минардын жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Бекмолдо айыл аймагынын Кеӊеш айылынын тургуну Калыбаева Минардын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Кеңеш айылынын тургуну Калыбаева Минар жумуш учурунда жаракат алып, жамбаш сөөгү сынып кеткен, операция жасатууга, дарыланууга жана дары дармек алуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

С.Осмонов