Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз  ХIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели   № 14/6

Татына Нуру бала бакчасына  акча каражат бөлүү жөнүндө

Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Кочкор айылындагы Татына Нуру бала бакчасынын ашканасына жабдууларды алуу  400 000  сомдук долбооруна өздүк салым катары 100 000 сом бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматты угуп, талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Кочкор айылындагы Татына Нуру бала бакчасынын ашканасына жабдууларды алуу  400 000  (төрт жүз мин) сомдук долбооруна өздүк салым катары 100 000 (бир жүз мин) сом айыл аймактын бюджетинин өздүк салымдар беренесинен бөлүнсүн.
  2. Долбоор тиешелүү жактардан жактырылган учурда тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төраганын орун басары

Н. Сакыева