Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 токтомуна)
Кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу басылмаларына Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын грифин ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан кесиптик билим берүү уюмдарынын билим берүү процессинде колдонулуучу окуу басылмаларына гриф ыйгаруу тартиби менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги аныктамалар:
1) тышкы рецензия - башка билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери, илимий уюмдун өкүлү же практикалык тажрыйбасы бар тиешелүү чөйрөдө таанылган башка адис тарабынан окуу басылмасына берилген аргументтүү пикир;
2) ички рецензия - окуу басылмасынын автору ушул дисциплинаны окуткан билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери тарабынан берилген аргументтүү пикир;
3) гриф - бул титул барагындагы экспертизадан ийгиликтүү өткөндүгүн жана бул окуу басылмасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык келишин күбөлөндүрүүчү жазуу;
4) рецензент - сунушталган окуу басылмасына тиешелүү тармакта керектүү деңгээлдеги теориялык/практикалык билимге ээ болгон адис;
5) рецензия - рецензиялануучу окуу басылмасын кыскача талдоо жана баалоо, анын актуалдуулугунун деңгээлин аныктоо, окуу басылмасынын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо;
6) стереотиптик чыгарылыш - өзгөртүүсүз кайра чыгаруу;
7) окуу китеби - бул конкреттүү бир дисциплинанын негизги окуу китеби. Анда окуучулар милдеттүү түрдө өздөштүрүүчү базалык билимдин системасы баяндалат. Окуу китебинин мазмуну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын (мындан ары - МБС) талабын канааттандырып, конкреттүү бир дисциплинанын программасын толугу менен ачуусу зарыл. Окуу китебинин аталышы МБСда көрсөтүлгөн дисциплиналардын аталыштарына ылайык келиши керек;
8) окуу басылмасы - окуу жана окутуу үчүн ыңгайлуу формада баяндалган илимий же колдонмо мүнөздөгү системалаштырылган маалыматтарды камтыган, кесиптик билим берүүнүн ар кандай деңгээлдериндеги окуучуларга эсептелген басылма (китеп түрүндө же электрондук форматта);
9) окуу куралы - окуу китебине кошумча. Окуу куралы дисциплинаны толугу менен эмес, болжолдуу программанын бөлүктөрүн гана (бир нече бөлүмдөрүн) камтышы мүмкүн. Окуу куралы негизги окуу китебинен айырмаланып апробациядан өткөн жалпыга бирдей таанылган билимди жана жоболорду гана эмес, тигил же бул проблемалар боюнча ар түрдүү пикирлерди да камтышы мүмкүн;
10) электрондук окуу китеби - бул мультимедиялык мазмунду жана интерактивдүү компоненттерди (аудио, видео, тексттер, сүрөттөр, анимациялар жана башка графикалык каражаттарды) камтыган негизги электрондук окуу басылмасы. Электрондук окуу китебинин мазмуну багыты/адистиги боюнча МБСке толугу менен ылайык келиши керек;
11) электрондук окуу куралы - бул дисциплинаны толугу менен эмес, анын бир бөлүгүн (бир нече бөлүмдөрдү) камтыган кошумча электрондук окуу басылмасы. Электрондук окуу китебинен айырмаланып, апробациядан өткөн жалпыга бирдей таанылган билимди жана жоболорду гана эмес, тигил же бул проблемалар боюнча ар түрдүү пикирлерди да камтышы мүмкүн. Ал билим берүү дисциплинасынын программасынын талаптарына жана мазмунуна дал келип, заманбап маалыматтык технологияларды жана мультимедиялык мүмкүнчүлүктөрдү камтышы керек.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кесиптик билим берүү уюмдарында окуу басылмаларын колдонууга гриф ыйгаруу жол-жобосу аркылуу жол берет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифи окуу басылмасы кесиптик билим берүүнүн МБСтин талаптарына, билим берүү программаларына жана башка ченемдик талаптарга жооп бере тургандыгын күбөлөндүрөт.
2-глава. Окуу басылмаларына ыйгарылуучу грифтин мазмуну
5. Грифтин текстинде төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) окуу басылмасынын түрү;
2) дисциплина (предмет) боюнча билим берүү программасына ылайык окуу басылмасынын предметтик мазмуну;
3) кесиптик билим берүү уюмунун түрүнө, даярдоонун деңгээлине, билим берүүнүн деңгээлине жана окурмандын категориясына жараша окурмандык дарек (арналышы).
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифинин тексти окуу басылмасынын титулдук барагынын алдыңкы бетинде башкы маалыматтарда орун алат. Гриф чыгаруучу же автор тарабынан редакцияланбайт.
7. Окуу басылмасынын титулдук барагынын арткы бетинде (титулдук беттен кийинки бетте) окуу басылмасына оң корутунду жазган рецензенттер көрсөтүлөт.