Редакцияот 23.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХXIХ кезексиз отуруму

2021-жылдын 23-марты №39/4

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы №22 «Көлдүк-Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде, тарбияланып жаткан балдардын, ата-энелеринен алынуучу төлөмдөрдүн суммасын белгилөө жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы №22 «Көлдүк-Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде, тарбияланып жаткан балдардын ата-энелери менен болгон чогулушунун протоколдору менен таанышып, угуп, талкуулап

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин отуруму

ТОКОМ КЫЛАТ :

 

1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы №22 «Көлдүк-Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде, тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринен алынуучу төлөмдөр,350 (үч жүз элүү)сом өлчөмүндө белгиленсин .

 

2.Жогоруда аты аталган мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде тарбияланып жаткан,балдардын ата-энелеринен алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп, аны мыйзам чегинде иштетүү, «Көлдүк-Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму, мекемесинин башчысы А.Казыевага тапшырылсын.

 

3.Июль, август айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 (эки) ай каникул берилип, ата-энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Пайзылдаевге милдеттендирилсин.

 

К.Белекбаев атындагы

Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Маташов