Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин IV- чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 79

“Айдаркен шаарындагы Кыргызстан көчөсүнүн көп кабаттуу №8 жана №10 үйлөрүнүн алдындагы теректердин эскилиги жетип, картайып калгандыгына байланыштуу теректерди кесип, ордуна зыянсыз жаш көчөттөрдү отургузуу жөнүндө”

Айдаркен шаарындагы Кыргызстан көчөсүнүн көп кабаттуу №8 жана №10 үйлөрүнүн алдындагы, Кыргызстан көчөсүнүн аллеясындагы союз мезгилинде эгилген теректердин эскилиги жетип, картайып калгандыгына жана теректер шамал болгон учурда үйлѳрдү басып калуу коркунучу болгондугуна байланыштуу теректерди кесип, ордуна зыянсыз жаш көчөттөрдү отургузуу жөнүндөгү Айдаркен шаардык мэриясына жана шаардык кеңешине аталган көчөлөрдүн жашоочуларынан түшкөн арыз менен таанышып, карап чыгып Айдаркен шаардык кеңеши

                                                             ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1.    Айдаркен шаарындагы Кыргызстан көчөсүнүн көп кабаттуу №8 жана №10 үйлөрүнүн алдындагы, Кыргызстан көчөсүнүн аллеясындагы союз мезгилинде эгилген теректердин эскилиги жетип, картайып калгандыгына жана теректер шамал болгон учурда үйлѳрдү басып калуу коркунучу болгондугуна байланыштуу аталган кѳчѳдѳгү теректерди кесип, ордуна жаш кѳчѳттѳрдү отургузуу иш-чаралары боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн жана Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарынан да комиссия курамына киргизилсин. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын макулдугу менен түзүлгѳн комиссиянын чечимине негиз теректер кесилип, ордуна зыянсыз жаш көчөттөр отургузулсун.

2.    2024-жылдын 18-апрелиндеги Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 33-сессиясындагы депутаттардын сунуштары эске алынып, аткарууга алынсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

4.    Токтомду каттодон өткөрүү жагы областтык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

Төрага

А.К.Кожомбердиев