Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №2

 

“Жер айдоо акысын бекитүү жөнүндө”

 

Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун жана жер адиси Т.Ташыбековдун жер айдоо маселеси боюнча эл менен болгон чогулуштун жыйынтыгынын негизинде берген маалыматын угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.    Кара-Камыш айыл аймагына карашту эгин айдалуучу үлүш жана там арка жерлери, 1 сотых жер 100 (жүз) сомдон айдалсын

 

2.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин -чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

У.К. Жунусалиев