КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №3
“Бадачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн,көчүп келүүсүн жана бада акысын бекитип берүү жөнүндө”
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун жайлоого чыккан бадачылардын бада акысы боюнча эл менен болгон чогулуштун жыйынтыгынын негизинде берген маалыматын угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ар бир бадачыга жана мал ээлерине 1-майдан кечикпей жайлоого көчүп 1-сентябрдан кийин көчүп келүү жагы милдеттендирилсин.
2. Бада акысы, Кара-малга (уй, жылкы) бир айга 750 сом, койго жана эчкиге айына 125 сомдон болуп, жоголгон койго-козу, козуга-3000 сом, ал эми жоголгон эчкиге-улак, улакка-1500 сом мал ээсине төлөнүп берилсин.
3. Өлгөн жандык жеринде телефонго тартылып, сүрөтү ээсине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кара-Камыш айылдык кеңешинин kara-kamysh.gov.kg расмий сайтына жарыялансын.
5. Жайлоого чыккан атуулдарга жана бадачыларга маалыматты жеткирүү жагы Кара-Камыш айыл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовго жүктөлсүн
Төрага: | У.К. Жунусалиев |