Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) ХХХVIII сессиясы

2024-жылдын 17-майы №174

Шаардын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобонун аткарылышы  жөнүндө

 

Шаардын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобонун аткарылышы жөнүндө шаардык мэриянын маалыматын,шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү,  саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана  спорт”   боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарынтартипке келтирүү боюнча чаралар жүндө” №54 Жарлыгына ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сүлүктү шаардык мэриясынын шаардын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобонун аткарылышы  жөнүндөмаалыматы кабыл алынсын.

2.    Сүлүктү шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобону кайрадан иштеп чыгуу жагы шаардык мэрияга тапшырылсын

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү,  саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,жаштар саясаты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.А.Кутбидинов