Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) ХХХVIII сессиясы

 

2024-жылдын 17-майы №177

Сүлүктү шаарынын жалпы дарыгерлер практика борборунун  эки кабаттуу эски терапия имаратынын жылытуу системасын жасоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 000 000 миллион сом акча каражатын  бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын жалпы дарыгерлер практика борборунун  30.04.2024ж. №01-7-80  сандуу жалпы дарыгерлер практика борборунун 1981-жылы курулган эки кабаттуу  эски терапия имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн  5 000 000 миллион сом акча каражатын  бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнчатуруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндөгү”  Мыйзамынын 34 беренсине ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын жалпы дарыгерлер практика борборунун  эки кабаттуу эски терапия имаратынын жылытуу системасын жасоо үчүн Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин  3111 беренесинен 1 000 000 миллион сом акча каражатын  бөлүүгө макулдук берилсин
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

М.А.Кутбидинов