Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз IV-сессиясы

2021-жылдын 19-августу № IV-1

Гулистан айыл аймагынын Бостон айылында курулган жаңы мектепти 2021-2022-окуу жылына карата ачуу жөнүндө

Гулистан айыл аймагынын Бостон айылында 2019-2020-жылдары чет элдик инвесторлордун, жергиликтүү бюджеттин жана аймактын жашоочулурынын эсебинен чоң комплекс курулган. Бул комплексте мектеп үчүн дагы имарат курулган. Жергиликтүү калктын мектепке болгон муктаждыгын канаатандыруу максатында, Гулистан айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  Гулистан айыл аймагынын Бостон айылындагы курулушу аяктаган мектепти, 2021-2022-окуу жылына карата жергиликтүү жашоочулардын талабына ылайык, толук эмес орто (9-жылдык) мектеп деп 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап ишке берүү жактырылсын.

 

2.  Жогорудагы ачылып жаткан мектепке саясий жана коомдук ишмер, маркум Буваназар Шаназаровдун наамы ыйгарылып, “Б. Шаназаров” атындагы толук эмес орто мектеп деп аталсын.

 

3.  Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго тапшырылсын.

 

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин “Жаштар, спорт, билим берүү жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

У. Мирзакулов