Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) ХХХVIII сессиясы

 

2024-жылдын 17-майы №178

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 16.05.2024ж. №01-12/1211 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик , курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап 09.07.2013ж. №117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай” Кодексинин  12 – беренесинин 5 – пунктунун жана                                     14-беренесинин негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Шаардык кеӊештин XXVII сессиясынын 30.10.2023ж. №129 токтому менен бекитилген  Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамы толуктоолор менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин: 

 

1. Айтматов М. М. - шаардын мэринин орун басары - комиссиянын төрагасы;

2. ______________. - Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетектөөчү адиси - комиссиянын катчысы;

 

Мүчөлөрү:

 

3. Мамутов К.И. - Сүлүктү шаарынын   мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетекчиси –

4. Абдиев А.М.  - Сүлүктү шаарынын мэриясынын адиси –юрист

5. Мырзабеков Д.А. – Сүлүктү шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;

6. Исраилов А.П. - “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси;

7.  Масалиев О.К. - “Сүлүктү-Тазалык” МИнын башчысы;

8. Самадова Г.Х. -  шаардык кеӊештин депутаты;

9. Халбеков А.Д. – шаардык кеӊештин депутаты;

10.Эшмурзаева З.Э. – Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлү;

11. Эрискулов А.-  Коомдук активист.

2.    Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин орун басары М.М.Айтматовго милдеттендирилсин;

3.    Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.А.Кутбидинов