Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) ХХХVIII сессиясы

 

2024-жылдын 17-майы №179

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы өрт өчүрүү ДЕПО имаратынын 200квм бөлүгүн убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 11.05.2024ж. №01-39/99 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы өрт өчүрүү ДЕПО имаратынын 200квм бөлүгүн убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик , курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап шаардык кеӊештин кезексиз  XXXI сессиясынын № 155 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби боюнча ЖОБОсунун 3-бөлүмүнүн 3.5. пунктуна ылайык   Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик мекемесинин балансындагы өрт өчүрүү ДЕПО имаратынын 200 кв м бөлүгүн убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин

2.    Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.А.Кутбидинов