Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз IV-сессиясы

2021-жылдын 19-августу № IV-3

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, “Шайлоо комиссияларынын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” жоболордун талаптарына ылайык, Гулистан айыл аймагындагы Г.Гулям орто мектебинин 2021-жылдын 18-августундагы №1 протоколу, Чили-Сай орто мектебинин 2021-жылдын 18-августундагы № 1 протоколу, Р.Хужамов атындагы орто мектебинин 2021-жылдын 18-августундагы №1- протоколдорундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлерди талкуулап көрүп, Гулистан айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди сунуш кылган Г.Гулям, Чили-Сай, Р.Хужамов мектептеринин 2021-жылдын 18-августундагы протоколдорун бекитүү менен, аталган аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Гулистан айыл аймагынын тургундарынын курамы бекитилсин. (Мүчөлөрдүн курамы тиркелет).

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин жооптуу катчысы А. Абдураимовго жүктөлсүн.

 

Гулистан айыл

кеңешинин төрагасы:

 

У. Мирзакулов

 

 

 

Гулистан айыл кенешинин (VII-шайланган)

кезексиз IV-3-сессиясынын токтомуна тиркеме.

 

“Бекитем”  

Гулистан айылдык кеңешинин

төрагасы:            У. Мирзакулов  

 

Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына кирген

мүчөлөрдүн тизмеси

 

№

ФАА

Жашоо

дареги

Ээлеген

кызматы

АШК дагы

кызматы

Эскертүү

1

Турсункулова Мафтуна

Рустамжановна

Гулистан а\а

Гулистан

айылы

Мугалим.

“Г. Гулям” орто

мектеби

Мүчө

 

2

Насирова Интизархон

Хайитбоевна

Гулистан а\а

Фрунзе айылы

Мугалим.

“Р. Хужамов”

орто мектеби

Мүчө

 

3

Мамадисманова

Дилноза

Абдилталиповна

Гулистан а\а

Беш-Коргон

айылы

Мугалим.

“Чили-Сай”

орто мектеби

Мүчө

 

 

 

 

 

 

 

Гулистан айыл

жоопту катчысы:

 

А. Абдураимов