Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги V-сессиясы

2021-жылдын 24-августу № V-1

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджети 2020-жылдын 25-декабрында айыл кеңеши тарабынан бекитилип берилген. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы боюнча бир катар ийгиликтүү иштер аткарылды. Гулистан айыл кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын I-жарым жылдыктын бюджетинин жыйынтыгын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин негизинде, Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын I-жарым жылдыктын аткарылышын карап чыгып жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын I-жарым жылдыкта социалдык-экономикасын жыйынтыгы кемчилдиктерди белгилөө менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын I-жарым жылдыкта бюджеттин кирешеси 12 927,9 миң сом , чыгашасы 11 246,3 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

 

3. Гулистан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, жергиликтүү бюджеттин аткарылышын туруктуу көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Гулистан айыл

кеңешинин төрагасы:

 

У. Мирзакулов