Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын

2024-жыл 29-марты №3

 

“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү “ мекемесин түзүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кенеши

 

                                               Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

  1. “Терек-Сай” айыл аймагынын Терек-Сай айыл Өкмөтү” мекемеси жана

“Сумсар айыл аймагынын Сумсар айыл Өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу менен “Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

            1.1. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

            -Мамлекеттик тилде: “Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү”мекемеси.

            -Расмий тилде :Учреждение “Айыл окмоту Терек-Сайского айылного аймака”

 

-1.2. Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:

            -Мамлекеттик тилде: “Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү” М-и.

            Расмий тилде: У-е “Айыл окмоту Терек-Сайского айылного аймака”

 

            2. “Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,Чаткал району, Терек-Сай айылы, К.Турдалиев көчөсү, № 11 болуп аныкталсын.

            3. “Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү “ мекемесинин убактылуу жобосу бекитилсин.

            4.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

            5.Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

            6. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

            7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Эргешов К.М.