Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын

2024-жыл 29-марты №6

 

“Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын өзгөртүп түзүү жөнүндө.”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу жарлыгына ылайык, айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын өзгөртүп түзүү зарылдыгы жөнүндөгү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык  кенеши

 

                                               Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы өзгөртүлүп бекитилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Г.Камчыбековага жүктөлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Эргешов К.М.