ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын
2024-жыл 29-марты №8
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбооруна толуктоолорду киргизүү, 2025-2026-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун, 2025-2026-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү толуктоолор менен 115 162,7 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар эсебине 2505,0 миң сомго бекитилсин.
- Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү толуктоолор менен 115 162,7 сомго, анын ичинен атайын каражаттар эсебине 2505,5 миң сомго бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жана укуктары жөнүндөгү мыйзамынын 21 беренесине ылайык айыл аймагынын башчысынын резервдик фонду толуктоолор менен 1151,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин долбоору тоуктоолор менен 124817,5 миң сомго, 2026-жылга карата божомолу 138820,5 миң сомго бекитилсин.
- Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
- .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |