ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын
2024-жыл 29-марты №9
“Административдик аймактык реформа боюнча биригүү иштеринин жүрүшүнүн натыйжасында келишим менен кайрадан жумушка алуу үчүн төлөнүүчү акча каражатын чечүү жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө ” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “ Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык келишимдин негизинде жумушка кызматкерлерди кабыл алуу зарылчылыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө ” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “ Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 7 (жети) штат бирдиги келишимдин негизинде берилсин. .
2.Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими менен айыл аймакка түшкөн кирешелердин эсебинен 3 (үч ) штат бирдиги берилсин.
3. Келишим менен жумушка алынган кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 54-беренесинин экинчи пунктуна жана 154-беренесине ылайык төлөнүп берилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |