ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 24-августу № V-4
Гулистан айыл өкмөтүндө көп жылдар бою иштеген маркум С. Алимжанов жана А. Эркабаевтердин аттарын өздөрү жашаган жериндеги көчөлөргө коюу боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн сунушун аткарууга алуу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүндө көп жылдар бою иштеген маркум Алимжанов Сайфулла жана Эркабаев Абдуллажандын айылдаштары, Гулистан айыл өкмөтүнө айылдардагы бирден көчөгө алардын атын коюу боюнча кайрылышкан. Бул демилгени айыл өкмөтүнүн жетекчилери жана кызматкерлери колдоп, айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясында бекитип берүүнү сунуш кылышкан. Бул маселени Гулистан айылдык кеңеши көрүп чыгып жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылынын “Жаңы-Чек-4” көчөсүнө Гулистан айыл өкмөтүндө көп жылдар бою түрдүү кызматтарда иштеген маркум Сайфулло Алимжановдун наамы ыйгарылып, мындан ары “Алимжанов Сайфулло” атындагы көчө болуп аталсын.
2. Фрунзе айылынын “Жаштык” көчөсүнө Гулистан айыл өкмөтүндө көп жылдар бою түрдүү кызматтарда иштеген маркум Абдуллажан Эркабаевдин наамы ыйгарылып, мындан ары “Эркабаев Абдуллажан” атындагы көчө болуп аталсын.
3. Жогорудагы көчөлөрдүн атын өзгөртүлүшү боюнча болгон бардык иш-аракеттер Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Жаштар, спорт, маданият, билим берүү, жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айыл кеңешинин төрагасы: |
У. Мирзакулов |