Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын

2024-жыл 29-марты №12

 

“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар айылындагы социалдык обьектилерди капиталдык ремонттон өткөрүүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “ Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык иш алып баруу үчүн, Мончок-Дөбө айылындагы М.Алымкулов атындагы бала бакчага барган балдарга шарт түзүү максатында дем берүүчү гранттар бөлүмүнө долбоор өткөрүлүп, өздүк салым үчүн 3242,1 миң (үч миллион эки жүз кырк эки миң бир жүз ) сом акча каражаты керектеле тургандыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Мончок-Дөбө айылындагы М.Алымкулов атындагы бала бакчага барган балдарга шарт түзүү максатында дем берүүчү гранттар бөлүмүнө өткөрүлгөн долбоорго өздүк салым иретинде керектөө үчүн 3242,1 миң (үч миллион эки жүз кырк эки миң бир жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Эргешов К.М.