Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги V-сессиясы

2021-жылдын 24-августу № V-5

Гулистан айыл аймагынын Беш-Коргон айылындагы “Исмаил-Ата” участкасынын тургуну Атожонов Абдували Абдуллажоновичтин арызын кароо жөнүндө

Гулистан айылдык кеңешинин төрагасынын атына Беш-Коргон айлынын “Исмаил-Ата” участкасынын тургуну Атожонов Абдували Абдуллажоновичтин атынан арыз берилген. Бул арызда Атожонов Абдували Ош Мамлекеттик Университетинин Медицина Колледжине окууга киргендиги жөнундө, үй-бүлөлүк шарты начар болгондугунан окууга контрактты төгүүгө мүмкүнчүлүк жок экендиги боюнча кайрылган. Ошондуктан ал Гулистан айылдык кеңештен 2021-2022-окуу жылына контрактты Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төгүлүшүнө жардам берилишин сураган. Гулистан айылдык кеңеши Атожонов Абдувалинин арызын көрүп чыгып, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Беш-Коргон айылындагы “Исмаил-Ата” участкасынын тургуну Атожонов Абдувалинин акыйкаттан үй-бүлөлүк шарты начар болгондугунан, берген арызы канаатандырылсын.

 

2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Атожонов Абдували Абдуллажоновичке акчалай жардам катарында 30 000 (Отуз миң) сом акча каражаты берилсин.

 

3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Жаштар, спорт, маданият, билим берүү, жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

У. Мирзакулов