Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын

2024-жыл 29-марты №16

 

“Талас облусунда болуп өтө турган мелдешке барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндө”

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жайгашкан күрөш залынын машыктыруучусу Д.Исмановдун Талас облусунун Талас шаарында (28-30-март күндөрү) жана Манас районунда (12-14-апрель күндөрү) болуп өтө турган мелдештерге барып келүүгө 9 (тогуз) балага жол киресине 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражатын карап берүү зарылчылыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1 Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жайгашкан күрөш залында машыккан 9 (тогуз) балага жол киресине Талас облусунун Талас шаарында (28-30-март күндөрү) жана Манас районунда (12-14-апрель күндөрү) болуп өтө турган мелдештерге барып келүүгө 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражатын Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Эргешов К.М.