ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/11
Ормон-Хан айыл аймагынын айылдырынын борбордук көчөлөрүнүн Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациалоо эрежелери жана Ормон-Хан айыл аймагында имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагына караштуу айылдырынын борбордук көчөлөрүнүн иштелип чыккан Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациалоо эрежелери жана Ормон-Хан айыл аймагында имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнүн долбоорун бекитүүтууралуу Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги А.Асановдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагына караштуу айылдырынын борбордук көчөлөрүнүн иштелип чыккан Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациалоо эрежелери жана Ормон-Хан айыл аймагында имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнүн долбоору бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |