Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги V-сессиясы

2021-жылдын 24-августу № V-7

Гулистан айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Гулистан айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун көрүп чыгып талкуулап, Гулистан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  Гулистан айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундо көрсөтүлгөн мүчөлөрдүн курамы бекитилсин (Мүчөлөрдүн курамы тиркелет).

 

2.  Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Гулистан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

У. Мирзакулов

 

 

Гулистан айыл кенешинин (VII-шайланган)

кезектеги V-7-сессиясынын токтомуна тиркеме.

 

“Бекитем”

Гулистан айылдык кеңешинин

төрагасы: У. Мирзакулов

 

 

Гулистан айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын

(УШК) курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун

өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн талапкер көрсөтүү боюнча жамаат,

дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорунун негизинде

түзүлгөн курам тууралуу маалымат

 

№

УШК

ФИО

Жыны-сы

Туулган жылы

Билими

Кайсы уюмдан

Жашаган жери

 

1

5525

“Таштак”

Гулмамат кызы Айгерим

аял

16.01.2003

Атайын орто

Дыйкан чарба мүчөсү

Фрунзе айылы

2

5525

“Таштак”

Ташпулатова Зарифахон

аял

04.10.1968

Атайын орто

Дыйкан чарба мүчөсү

Фрунзе айылы

3

5400 “Фрунзе”

Максимова Махбубахон

аял

20.09.1973

Атайын орто

Дыйкан чарба мүчөсү

Фрунзе айылы

4

5400 “Фрунзе”

Колдашева Дилфузахан

аял

11.12.1968

Жогорку

Р. Хужамов ат. мектеп жамаатынан

Фрунзе айылы

5

5593 “Бостон”

Маккамбаев Максатбек

эркек

18.03.1988

Жогорку

Р. Хужамов ат. мектеп жамаатынан

Бостон айылы

 

 

 

 

 

 

 

 

Гулистан

айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы:

 

 

А. Абдураимов