Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз  ХIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели   № 14/12

Ижарага берүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө

 

Ормон-Хан айыл аймагына караштуу айылдырынын көчөлөрүн ирээтке келтирүү пландалып жаткандыгы жана ага байланыштуу муниципалдык менчиктеги жер аянттарын ижарага берүүнү жана ижарага берилген жер аянттарын мөөнөттөрүн узартпай убактылуу токтотуп туруу жөнүндө Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги А.Асановдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Ормон-Хан айыл аймагына караштуу муниципалдык менчиктеги жер аянттарын ижарага берүү жана ижарага берилген жер аянттарын мөөнөттөрүн узартуу  2024-жылдын апрель айынын 15-числосунан баштап 2024-жылдын июль айынын 15-числосуна чейин убактылуу токтотулсун.

2.    Токтомдун аткаруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына  тапшырылсын.

 Төраганын орун басары

Н. Сакыева