ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 22-апрели №17
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек, Болуш,Биримдик,Мончок-Дөбө айылдарын бийик тоолуу аймактардын тизмесине киргизүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек, Болуш, Биримдик, Мончок-Дөбө айылдарынын жашоочулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июнундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык, пенсия төлөмү төлөнбөй калып жаткандыктан, жогоруда аты аталган айылдарды Кыргыз Республикасынын жашоо шарты оор, барууга кыйын болгон алыскы жана бийик тоолуу аймактардын тизмесине киргизүү үчүн токтом чыгарып берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоптуу катчысы М.Көлбаеванын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек, Болуш, Биримдик, Мончок-Дөбө айылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоо шарты оор, барууга кыйын болгон алыскы жана бийик тоолуу аймагынын чегинде жайгашкандыгы анык экендиги белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоптуу катчысы М.Көлбаевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |