ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/13
АЖМФын ижарага жана түз берүү комиссиясынын
курамын бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага жана түз берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага жана түз берүү боюнча комиссиянын курамы төмөндөгү курамда бекитилсин
-Т.Абдархманова –айылдык кенештин депутаты, комиссиянын төрайымы
- Н.Элчибаев-райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, комиссиянын мүчөсү
-Б.Акишов-өкмөт башчысы, комиссиянын мүчөсү
-А.Осмоналиев- айылдык кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
-Т.Калпаков-жарандык коомдук уюмдун мүчөсү, комиссиянын мүчөсү
-С.Өмүрова-айыл өкмөтүнүн адиси, комиссиянын катчысы
-тиешелүү айылдардын айыл башчылары, комиссиянын мүчөлөрү
2. Токтомдун аткаруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |