Редакцияот 19.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2023-жылдын 19-июнундагы № 15-2

 

“ Жаштар демилгесин колдоо жөнүндө “

Сумсар айыл Өкмөтүнүн Шекафтар айылынын жаштарынын демилгесин колдоо максатында Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Шекафтар айылынын Маданият Үйүнүн короосунан жаштар үчүн спорт жана эс алуузал уюштуруу максатында, муниципалдык жер аянтчасынан 0,06 га жер аянтчасын бөлуп берүү жагы Сумсар айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

2. Спорт жана эс алуузал уюштуруу жагын документтештирүү, долбоорду ишке ашыруу, жаштарга кызмат келтирүү жагы Сумсар айыл Өкмөтүнүн башчысы Т.Ботобеков жана жаштар лидери Б.Чыналиевге милдеттендирилсин.

3. Долбоор ишке ашырылган күндөн баштап Спорт жана эс алуузал Сумсар айыл Өкмөтунун баллансына өткөрүлүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеңешинин бюджет,каржы,инвестиция,ишкердик жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

К.М.Эргешов