Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз  ХIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели   № 14/16

Ормон-Хан айылдык Кеңешинин аппаратынын ченемин бекитүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы  “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 Токтому менен бекитилген жергеликтүү кенештеринин аппаратынын типтүү ченемдери тууралуу айылдык кенештин депуттарынын маалыматын жана сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алуу менен,   Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.              Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кенешинин 1 (бир) штаттык

бирдик иш кагаздарын жүргүзүүчү-катчы  кыскартылсын.

2. Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин аппаратынын ченеми

төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

 

а) 1 (бир) штаттык бирдик - төрага

б) 1 (бир) штаттык бирдик - жоопту катчы

в) 1 (бир) штаттык бирдик - айдоочу 

                                          

3. Бул токтомду аткарууга алуу жана тиешелүү ченемдик укуктук

актыларынын негизинде иш алып баруу жагы жагы Ормон-Хан айыл

аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Сагынбек уулуна жана

Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго милдетендирилсин.

  Төраганын орун басары

Н. Сакыева