Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз  ХIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели   № 14/17

Ижара акыны бекитүү жөнүндө

 

Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурска же аукционго  коюуда  ижара акынын баштапкы өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.     Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурска же аукционго  коюуда  ижара акынын баштапкы өлчөмдөрүн жерлердин түрүнө жараша төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 

Чынында сугарылган жер    1 гектар 3800 (үч мин) сом

Сугаруу кыйын жер              1 гектар 2500 (эки мин беш жүз) сом

Сугаруунун жоктугу             1 гектар 1200 (бир мин эки жүз) сом

 

2.     Токтомдун аткаруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Төраганын орун басары

Н. Сакыева