Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 22-августундагы № 33

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум жана Кара-Булак айылдарындагы Корея Республикасынын Койка уюму тарабынан жаңыдан курулган көп функционалдуу окуу борборунун бир бөлүгүнө кыска мөөнөттүү эки тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасында айылдарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында KOICA уюму тарабынан курулган көп функционалдуу борборлорду пайдалануу максатында, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум жана Кара-Булак айылдарындагы Корея Республикасынын Койка уюму аркылуу салынган көп функционалдуу окуу борборлорунун бир бөлүгүнө кыска мөөнөттүү эки тайпадан ачууга макулдук берилсин.

2. Жаңыдан ачылган кыска мөөнөттүү эки тайпанын шарттарын түзүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бужум айылынын Калинин участкасындагы имараттын бир бөлүгүн “Дилгир” балдар бакчасына, Омонок участкасындагы имараттын бир бөлүгүн“Ынтымак” балдар бакчасына жана Кара-Булак айылындагы имараттын бир бөлүгүн “Жаш-Балапан” балдар бакчасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

4. Жаңыдан ачылган тайпалардын штаттык бирдиктерин чечүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

5. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К.Ж.Шакиров