Редакцияот 08.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы

 

2021-жылдын  8-октябры № 5/19

 

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча жергиликтүү салыктын аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык жергиликтүү салык пландарынын 2021-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча баардык салыктардын түрлөрү боюнча план 2011,9 миң сом, аткарылганы 2043,0 миң сомго же 101,5% аткарылгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси Д. Тайдаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Жергиликтүү салык пландарынын 2021-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис Д. Тайдаеванын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.

2.            Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда план-тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановго тапшырылсын.

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары

А. Зарылбек уулу.