ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1–февралы № 28/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)
2024-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылга карата иш-планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоо туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
3. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Хасановго тапшырылсын.
Төрага |
А.Хасанов |
Өзгөн шаардык кеңешинин
(VII чакырылышынын) 2024-жылдын
1-февралындагы кезектеги
XXVIII сессиясынын №28/1 токтомунун тиркемеси
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылга карата
иш-планы
I квартал:
Январь айында:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планын бекитүү.
2. Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2025-2026 жылдарга болжолун, бюджеттин 2023-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү
«Бюджет, салык жана финансы
боюнча» туруктуу комиссия
3.Ар түрдүү маселелер.
Февраль айында:
1. Өзгөн шаарынын 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси)
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
2.«Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
3«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
II квартал:
Июнь айында:
1. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаардык маданият бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар
саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана
саламаттыкты сактоо боюнча»туруктуу комиссия
3. “Өзгөн жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
III квартал:
Август айында:
1. Өзгөн шаар мэринин 2024-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. Өзгөн шаардык бюджетинин 2024-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы
«Бюджет, салык жана финансы
боюнча» туруктуу комиссия
3. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
4. «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча» комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссия
5. Ар түрдүү маселелер.
IV квартал:
Октябрь айында:
1. МММБ департаментинин жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаардык мэриясынын шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Өнөр жай, транспорт, архитектура жана
курулуш, байланыш жана энергетика
боюнча» туруктуу комиссия
3. Өзгөн шаардык мэриясынын дене-тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар
саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана
саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссия
4. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар
саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана
саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссия
5. Ар түрдүү маселелер.