КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2021-жылдын 16-июлу № 2
Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин сметасын бекитүү жөнүндө
Казан-Куйганайыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү максатында
Казан-Куйган айыл аймагынын Казан-Куйган айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга жайыт комитетинин бюджети 100 000 сом болуп бекитилсин.
2. 2021-жылга карата жайыт акы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Ири мүйүздүү 1(бир) баш малга 50 сомдон
Жылкынын 1 (бир) башына 50 сомдон
Кой-эчкиге 1(бир) башка 10 сомдон.
3. Жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысы айына 5000 (беш мин) сомдон бекитилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ө.Карабагышовго милдеттендирилсин
Төрага | Шаарбек уулу Бекназар |