Редакцияот 29.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 29-июну №34

 

Кууганды айыл аймагында 2024-2025-2026-жылдын бюджетин долбоорун бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Кууганды айыл аймагынын кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясында Кууганды айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча Кууганды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кууганды айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 2024-жылга 9758,4 миң. сом, 2025-жылга 10258,6 миң сом, 2026-жылга 10624,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кууганды айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгү 2024-жылга 9758,4 миң. сом, 2025-жылга бюджеттин болжолдуу долбоору 10258,6 миң. сом, 2026-жылга 10624,5 өлчөмүндө бекитилсин.

3. Кууганды айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорунун киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлѳ тургандыгы аныкталсын.

4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин “Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага:

 

Ф.К.Токушев

 

Эскертүү: 1-тиркеменин түп нускамасы келип түшкөн эмес.