Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясынын

2024-жыл 22-апрели №18

 

“Терек-Сай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын тактоо жөнүндө.”

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын схемалык картасын жана баяндамасын карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

 

1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2.Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Чаткал районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Эргешов К.М.