Редакцияот 29.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 29-июну №35

 

Ички жолдорго, кѳчѳттѳрдү тигүүгѳ, панолорду жаңыртууга каражат бѳлүп берүү жѳнүндѳ

токтом кылат:

 

1. Айыл аймагын жашылдандырууга ар түрдүү дарактын кѳчѳттѳрүн сатып алууга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 58 500 (элүү сегиз миң беш жүз) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

2. Айылдын ички жолдорун грейдер менен сүрдүрүп, оңдотууга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

3. Айылдын ϴрнѳк тарапка тигилген кѳчѳттѳрдүн тегерегиндеги тосмолорун оңдоп, түзѳѳгѳ айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

4. Аймактын кире беришиндеги панону, кѳрнѳк жарнактарды, Арканы жаңылап жаздырууга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

5. Айылдын футбол оюну боюнча курама командасына колдоо кѳрсѳтүү менен футболчулардын атайын кийимин (формасын) сатып алууга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ѳзүмѳ калтырылсын.

 

 

Тѳрага:

 

Ф.К.Токушев