ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 22-апрели №19
“Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн райондор аралык чек арасын тактоо жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ала-Бука районунун жана Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү менен чектешкен талаш жерлерди тактап алуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн карталарды салыштыруу зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Райондор аралык чек араны тактоо үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына, Кыргыз Республикасыын Президентинин Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кат жолдоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Чаткал району менен Ала-Бука районунун талаш жерлерин тактоо иштерин жүргүзүүдө төмөнкү сунуштар эске алынсын:
А) Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун 1980-жылдын 3-сентябрында чыккан № 614 Жарлыгы (Указ ПРезидиума Верховного Совета Киргизской ССР № 614-х от 3 сентября 1980 года) боюнча жана 1937-жылдагы, 1958-жылдагы карталарды 1973-жылдагы карта менен бирге кароо;
Б) Ала-Бука району жана Чаткал району менен чектешкен төмөнкү талаш жерлерди тактоо иштерин жүргүзүү:
Ø Айры-Там (Биринчи май) айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алма-Бел айылы менен Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылынын, Чийинди жайлоосунун чектешкен жерлерин;
Ø Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Өрүктү айылы менен Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылынын, Сары камыш жайлоосунун, Шалдыр кышкы жайытынын, Кара-Төбө участкасынын чектешкен жерлерин;
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |