ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 22-апрели №20
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алмалуу-Булак участкасынын аянтын башка категоряга которуу жөнүндө.”
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Ж.Сеңирбевдин 2025-жылдын 19-апрелиндеги № 01-23/1604 чыгыш сандуу тапшырмасын аткаруу максатында Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Болуш айылында жайгашкан Алмалуу-Булак участкасындагы жалпы аянты 198,54 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыттар) категориясындагы жерлерди “ Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлер” категориясына багытын өзгөртүү боюнча айылдык кеңештин сессиясында мыйзам чегинде карап, токтом кабыл алып берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Болуш айылында жайгашкан Алмалуу-Булак участкасындагы жалпы аянты 198,54 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыттар) категориясындагы жерлерди “ Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлер” категориясына багытын өзгөртүүнү түшүндүрүү максатында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан эл менен коомдук угуу өткөрүлсүн.
2.. Жогорудагы маселени чечүү боюнча атайын Өкмөттүк жана райондук деңгээлдеги тийиштүү адистер,жетекчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте жумушчу комиссия түзүлүп, Терек-Сай айылдык кеңешинин жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жана социалдык маселелр, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте тактоо жумуштарын алып барышсын.
3. Өкмөттүк деңгээлдеги тиешелүү мекемелер, көзөмөл органдары (ӨКМ, Экотехинспекция, археология жана башка ушул сыяктуу ) өздөрүнө тиешелүү корутундусун чыгарып беришсин.
4. Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай , Болуш, Горняк-1, Горняк-2, Ак-Терек, Ынтымак айылдарынын жашоочуларынын жайыт жерлери аз болгондугуна байланыштуу, Алмалуу-Булак участкасында суралып жаткан аянттын техникалык шарттарына ылайык, зарыл болгон эң минималдуу аянты эсептелип чыксын.
5. Көз карандысыз эксперттер чакырылсын жана жумушчу комиссия менен биргеликте иш алып баруу жагы белгиленсин.
6.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |